Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган делегация ОшМУнун искусство, кыргыз-кытай факультетинде жана "Ак-Буура" кампусунда болду.
Окуу жайдагы билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, материалдык -техникалык база менен ректор Кудайберди Кожобеков тааныштырды. Акыркы учурда окуу жайда жүзөгө ашырылып жаткан иш-аракеттерге күбө болушту.
Делегация Ош шаарында өткөн “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунун алкагында келген. Улуттук форум КР Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.