Üniversite öğrencilerine konuk ders

Anasayfa Haberler

Üniversite öğrencilerine konuk ders

Image

Индустриалдык-педагоикалык колледжинин студенттерине "Физика-лирика, астрономия, ыр майрам" аттуу  конок лекция окулду. Аны ОшМунун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты доцент Маралбек Осконбаев өттү.
Студенттер конок лекцияда  айрым техникалардын жетишсиздигине байланыштуу студенттер теория менен гана чектелбеши үчүн  интернеттин, кол телефондун жардамы менен керектүү тиркемелерден  прораммаларга кирип өздөрүнүн эксперименттерин иш жүзүнө ашыра алуунун жолдору жөнүндө кенен маалымат алышты.
Астрономияга жана физикага кызыккан студенттер үчүн бул конок лекция жакшы мүмкүнчүлүк болгонун уюштуруучулар билдиришет. Мындай конок лекция колледжде экинчи жолу өткөрүлүүдө.

fotoğraf Galerisi