Voronezh Devlet Üniversitesi ile bağlantılar güçlendiriliyor

Anasayfa Haberler

Voronezh Devlet Üniversitesi ile bağlantılar güçlendiriliyor

Image

2022-жылдын 25-май күнү ОшМУнун орто кесиптик билим берүү уюмдары менен иштөө боюнча проректору Тажимамат Эркебаев баштаган делегация  Воронеж мамлекеттик университетинде болуп келди.
Өкүлдөр Воронеж мамлекеттик университетинин ректору Дмитрий Эндовицкий менен жолугуп  ВМУ менен ОшМУнун ортосунда илим жана билим берүү тармагында кызматташуу келишиминин иш программасына кол коюшту. 
Ага ылайык, университеттер биргелешкен изилдөөлөрдү, онлайн конференцияларды жана вебинарларды өткөрүп, биргелешкен макалаларды чыгарышат. Мындан тышкары, университеттер биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгып, студенттер менен окутуучуларды алмашууну уюштурат. 
Иш сапардын алкагында окуу жайдын делегациясы эл аралык мамилелер боюнча өткөн эл аралык форумга катышты.
Буга чейин университеттин 10 студенти академиялык мобилдүүлүк боюнча Воронеж мамлекеттик университетинде окуп келишкен.
Воронеж мамлекеттик университети - Кара Жер чөлкөмүндөгү эң ири университет жана  Орусиянын маданий жана илимий борбору.

fotoğraf Galerisi