ОшМУнун 2 окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду

Anasayfa Haberler

ОшМУнун 2 окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду

Image

Билим берүү жана илим министрлиги ушул жылдын 31-майында откөргөн “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда ОшМУнун "Билим" лицейинин окуучусу Нурия Байитова жана  "Кара-Суу" гимназиясынын окуучусу Гулиза Нургазы кызы "Алтын тамга-2021" артыкчылык аттестатына ээ болушту.
Сынакта катышуучулар математика, эне тили жана адабият (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, өзбек тили жана өзбек адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча тест тапшырды.
Быйыл өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга 2232 бүтүрүүчү талапкер катышкан. Андан 1388 кыргыз тилинде, 803 орус тилинде жана 38 өзбек тилинде.
"Алтын тамга" сынагы мектепти 11-жыл "5" деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет. 
Бул мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.
Буга чейин “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын ОшМУнун 9 окуучусу алган.

fotoğraf Galerisi