ОшМУнун окутуучулары Польшанын Белосток университетинде конок лекция окуп жатышат

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окутуучулары Польшанын Белосток университетинде конок лекция окуп жатышат

Image

Делегациянын курамында ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаменинин академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары Бактыгүл Тургунбаева жана Зарипа Сагындыковалар бар.  Алар Erasmus +  “Staff Mobility for Teaching” программасынын алкагында Польшанын Белосток университетинин филология факультетинде  1 жума  конок лекцияларды окушат. 

Иш сапардын алкагында эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Анна Мадж жана Erasmus + программасынын  координатору Пиотр Биалас менен жолугушуп, эки тараптуу  кызматташтык жөнүндөгү жаңы келишимдерди талкуулашты.

Белосток университетинин филология факультетинде окутуучулар Кыргызстан, ОшМУ жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүштү. Декандын окуу иштери боюнча орун басары Роберт Сзымула менен жолугушуп, конок лекцияларды окуу, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү, илимий-практикалык конференцияларды чогуу өткөрүү  иш-аракеттерди макулдашышты.

Белосток мамлекеттик университети менен ОшМУ 2019-жылдан бери кызматташып келет. Окуу жай  1997-жылы түзүлүп, мында 1300 кызматкер эмгектенип, 15000ден ашуун студент окуйт. Курамында биология, химия, физика, математика-информатика, филология, экономика, тарых-социология, педагогика-психология, юридика факультеттери бар.

fotoğraf Galerisi