ОшМУнун Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна 14-июнда шайлоо өтөт

Anasayfa Haberler

ОшМУнун Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна 14-июнда шайлоо өтөт

Image

ОшМУнун студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму болуп саналган  Жаштар кеңешинин төрагалык кызмат ордуна 4 талапкер катталды.

№1 талапкер Физика-техника факультетинин 3-курсунун студенти Нурислан Аскарбеков.

№2 талапкер  Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2-курсунун  студенти Тойчубек уулу  Олжобай.

№3 талапкер Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 2- курсунун студенти  Майрамбек уулу Баястан.

№4 талапкер   Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 2- курсунун студенти Исхак Эгемназаров.

Жобого ылайык ОшМУнун Жаштар кеңешине төрагасы же төрайымы кызматына 20 жаштан 30 жашка чейинки ОшМУнун студенттери, окутуучулары, магистранттары, аспиранттары катыша алат жана 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

Шайлоо 2022-жылдын 14-июнунда саат 14.00дө ОшМУнун ЧАЗында өткөрүлөт. Шайлоого күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттеринин арасынан аныкталган 295 делегат катышат.

 

fotoğraf Galerisi