Пирмат Купуевдин элесине арналган эл аралык конференция экономика жаатындагы окумуштуулардын башын кошту

Anasayfa Haberler

Пирмат Купуевдин элесине арналган эл аралык конференция экономика жаатындагы окумуштуулардын башын кошту

Image

ОшМУда  «Борбор Азия ишканаларынын жана региондорунун практикасында ESG демилгелерин ишке ашырууну колдоого алууда санарип экономикасынын архитектурасы» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Конференция  Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор Пирмат Купуевдин  80 жылдык мааракесине арналган эскерүү иш чарасынын алкагында уюштурулду.

Аталган конференция кадимки жана онлайн форматта өтүп, ага Орусия, Кытай, Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан, Кыргызстандын экономика жаатындагы белгилүү окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Пленардык жыйында э.и.д., профессор, Орусиядагы Илимий коммуникациялар институтунун президенти  Елена Попкова, Өзбекстандын

Илимдер академиясынын Академиги, э.и.д., профессор  Саидахрор Гулямов, М. Ауэзов атындагы Түштүк -Казакстан университетинин профессору, э.и.д, профессор Динмухамед Джакипбеков, Өзбекстандагы бухгалтерлердин жана аудиторлордун улуттук ассоциациясынын төрайымы Миновар  Тулаходжаева, ОшМУнун профессору, э.и.д.  Чинара Кулуева баяндама жасашты.

Иш-чаранын алкагында ОшМУнун инвестициялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Жанболот Турсунбаев Окумуштуулар кеөешинин чечими менен Орусиядагы Илимий коммуникациялар институтунун президенти  Елена Попковага жана Кыргыз-Россия славян университетинин профессору Мукаш Исраиловго “ОшМУнун Ардактуу профессору” наамын  ыйгарды. 

 Күндүн экинчи жарымында секциялык иштерде баяндамалар корголуп, резолюция кабыл алынат. 11-июнда конференциянын коноктору ОшМУнун жана Ош шаарынын аймагына саякат жасашат.

Пирмат Купуевдин 150дөн ашуун илимий макалалары, эмгектери, 10 монографиясы жарык көргөн. Ошондой эле 5 экономика илиминин докторлорун, 30 экономика илиминин кандидаттарына жетекчилик кылып, илимде жол көрсөткөн. Анын илимий мектебинен чыккан шакирттери учурда республиканын бардык жогорку окуу жайларында эмгектенишет.

fotoğraf Galerisi