"ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубуна параддык формалар тапшырылды

Anasayfa Haberler

"ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубуна параддык формалар тапшырылды

Image

2020-жылы түзүлгөн "ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубу өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз волейбол клуб болуп саналат. Ректор Кудайберди Кожобеков спортчуларга параддык спорттук кийимдин комплектисин тапшырды. Учурда волейбол клубунда окутуучулардан жана студенттерден тандалып алынган 16 спортчу бар. Быйыл экинчи ирет Кыргызстандын чемпионатында биринчилик үчүн оюн көрсөтүп жатышат. 

“14-15-16-июнь күндөрү Ош шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Кыргыстандын чемпионатынын 3-турунда мелдешке чыгабыз. Буга чейин 1-турда 7 команданын ичинен 2-орунду ээледик, 2-турда жалпы упайлардын эсеби боюнча 1-орунга чыктык. Эми тандоодон өткөн 4  команда менен биринчилик үчүн күрөшөбүз”,-деди башкы машыктыруучу Нурзат Исмаилова.

Клубдун президенти – ректор Кудайберди Кожобеков.

Башкы машыктыруучу – Нурзат Исмаилова.

Машыктыруучунун жардамчысы -  Уланбек уулу Курсант.

ОшМУнун спорттук параддык формаларын тапшырып жатып окуу жай жетекчиси спортчуларга ийгилик каалады. Окуу жайдын намысын татыктуу коргоого чакырды.

 

fotoğraf Galerisi