Кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери ОшМУдан тажрыйба алышты

Anasayfa Haberler

Кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери ОшМУдан тажрыйба алышты

Image

ОшМУда республикадагы жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилеринин катышуусундагы  тажрыйба алмашуу иш сапары  уюштурулду.

Ага  ОшМУнун ректору К. Кожобеков баштаган ректорат жамааты, кесиптик бирликтин өкүлдөрү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук  комитетинин аппарат жетекчиси Б.Кадыркулов башында турган ЖОЖдордогу кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери катышышты.   

Жыйында ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.Саттаров  “ОшМУнун профсоюз уюмунун ишмердиги” , Дж. Асанбекова “Педагогдук кесиптик ишмердикти жүргүзүүнүн укуктук-нормативдик негиздери” деген темалардагы баяндамалары жасалды. Окуу жай тууралуу  промо-ролик көрсөтүлүп, концерттик программалар тартууланды.

Иш сапар өз ара тажрыйба алмашуу, ОшМУнун кесиптик бирлигинин иш тажрыйбасы, материалдык-техникалык базасы, санариптик технологиялар багытындагы иш-аракеттери менен таанышуу максатында уюштурулду.

Коноктор окуу жайдын окуу корпустары, медициналык клиникалары, окуу лабораторияларында  да болушту.  

fotoğraf Galerisi