"Үмүт" телестудиясы

Üniversite Yapı "Ümüt" TV stüdyosu

"Үмүт" телестудиясы

«Үмүт» телестудиясынын тарыхы 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин ошол кездеги ректору Бектемир Мурзубраимов жана тарбия иштери боюнча проректору Каныбек Исаков тарабынан 12-октябрда ачылган. 1998- жылдын 16-ноябрында N97 буйругу менен "Yмүт" деген ат коюлган.

Университеттин базасында студенттик телестудияны ачуунун негизги максаты - таланттуу жаштарды колдоо, маданият, искусство, илим-билим жаатындагы маалыматтар менен теле көрүүчүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле жаштар үчүн пайдалуу кеңештерге бай, тарбиялык маанидеги жана оюн-зооктук программаларды даярдоо, видео архивдик материалдарды сактоо болуп саналат.

Учурда телестудия тарабынан университеттин жаңылыктары, маалыматтары чагылдырылып, таанып-билүүчүлүк программалар, автордук көрсөтүүлөр даярдалып келет. Ошондой эле журналистика тармагына кызыккан жаштарга практикалык жактан ар тараптуу өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

“Үмүт” телестудиясынын штаттык курамында

“Үмүт” телестудиясынын сектор башчысы Керезбек кызы Айпери

“Үмүт” телестудиясынын редактору Осмонали кызы Мээрим

“Үмүт” телестудиясынын оператор монтажеру Шермаматов Жолдош

“Үмүт” телестудиясынын ютубдагы каналы

“Үмүт” телестудиясынын фейзбуктагы баракчасы

Фото галерея