Тышкы байланыштар боюнча проректору

Üniversite Yapı Yönetim Тышкы байланыштар боюнча проректору

Тышкы байланыштар боюнча проректору

АТТОКУРОВ КУРСАНТБЕК ШАРАБИДИНОВИЧ

Адрес                  г. Ош, ул. Ленина 331, кабинет 134

Телефон             +996 (3222) 7-08-67, +996 550 212 528

E-mail                  attokurov@oshsu.kg

Туулган күнү, айы, жылы: 27-декабрь, 1964-жыл

Билими: 1984-1989-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (ОшМПИнин) биология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

1988-1989-жылдары ОшМПИде лаборант.

1989-1990-жылдары  ОшМПИде улук лаборант.

1990-1993-жылдары Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын ботаникалык институтунда аcпирант.

1994-жылы биология илимдеринин кандидаты.

1994-1996-жылдары ОшМУнун табият таануу факультетинде окутуучу.

1996-жылы ОшМУнун табият таануу факультетинде улук окутуучу.

1996-2002-жылдары ОшМУнун табият таануу факультетинде тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары.

2003-2012-жылдары ботаника кафедрасынын башчысы.

2007-жылы биология илимдери боюнча доцент.

2012-2021-жылы ОшМУнун медициналык колледжинин директору.

2022-2023-жылдары табигый ресурстар борборунун директору.

2023-жылдан бери ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору.

Эл аралык уюмдар менен иштөөдөгү тажрыйбасы:

1. 2002-жылы «Эко-Ой» коомдук фондунун түзүүчүсү, анын төрагасы.

2. 2004-2005-жылдары  Кыргызстандагы ННК ГЭФ-ЧГП  ПРООН уюмунун мүчөсү жана менеджери.

3. Кыргызстандын түштүк регионунун айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча АБРдин экологиялык долбоорунда улуттук эксперт.

4. 2007-2008-жылдары голландиялык өкмөттүк эмес уюмдун «Кыргызстандагы эскирген пестициддерди жоюу» боюнча локалдык координатору.

5. 2008-жылы ГЭФ (ЮНЕП) УООНдун «Памир жана Памир-Алай тоолуу аймагында жерди туруктуу колдонуу» долбоорунун менеджери.

Сыйлыктары:

- 2005-жыл. ОшМУнун “Ардак грамотасы”

- 2007-жыл. ОшМУнун “Ардак грамотасы”

- 2007-жыл КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”

- 2010-жыл. Ош жаңырыгы гезитинин «2010-жылдын мыкты адамы» диплому

- 2010-жыл. Ош шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы”

- 2012-жыл. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси

- 2015-жыл. Ош шамы гезитинин “2015-жылдын мыкты адамы” диплому

- 2017-жыл. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”

- 2019-жыл. Ош шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы”

- 2023-жыл. КРдин Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы” ж.б.

Илимий жана окуу-методикалык эмгектери:

28 илимий макаланын, 9 окуу-усулдук колдонмонун жана окуу китептердин автору.

Фото галерея