ОшМУ зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерин тааныштырды

Anasayfa Etkinlikler

ОшМУ зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерин тааныштырды

Image

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайларды онлайн жыйынга чогултуп, жаштар арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча тажрыйба алмашты. 

Жыйында Ош мамлекеттик университетинин профессорлору Аманай Акматова, Акчач Жолдошева, доцент Чыныбек Эрдолатов, улук окутуучу Бактыкан Орозбаева жаштар арасында дары наркоманиясына каршы түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын айтышты. Мындан тышкары университеттин психологдору аялдар менен балдарга карат зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында профилактикалык иштерди аткарып жатканына токтолушту. 

Иш-чарага министрдин орун басары Бекбоосун Борубашов да катышты. Жыйында келечекте жогорку окуу жайлар ортосунда бул багыттагы кызматташтыкты күчөтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды. 

Тажрыйба алмашуу ишчарасы зордук-зомбулук маселесин илимий негизде изилдөө жана бул багытта атайын илимий институт түзүү демилгесинин алкагында уюштурулду.

 

fotoğraf Galerisi