Ректор университеттин алдыңкы студенттери менен жолукту

Anasayfa Haberler

Ректор университеттин алдыңкы студенттери менен жолукту

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков  окуу жайдын коомдук, маданий иш чараларына активдүү катышкан студенттер менен баарлашты. Жолугушууда окуу жай жетекчиси студенттердин ал-абалын сурап, университеттеги билим алууга түзүлгөн шарттарды мындан ары да жакшыртууга багытталган сунуш-пикирлерин укту. 

Ошондой эле март айында  ректордун кубогуна арналган “Студенттик шайыр тапкычтар” жана “Акыл-таймаш”  интеллектуалдык оюндарында  алдыңкы орундарды ээлеген жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырды. 

Ага улай эле Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Иззатбек Берхмаматов да “Акыл-таймаш”  интеллектуалдык оюнунда   жеңишке жеткен студенттерге  белектерин  ыйгарды.

Учурда ОшМУда 44 миңден ашуун студент билим алат.

Фото галерея