Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын коомдук, маданий иш чараларына активдүү катышкан студенттер менен баарлашты. Жолугушууда окуу жай жетекчиси студенттердин ал-абалын сурап, университеттеги билим алууга түзүлгөн шарттарды мындан ары да жакшыртууга багытталган сунуш-пикирлерин укту.
Ошондой эле март айында ректордун кубогуна арналган “Студенттик шайыр тапкычтар” жана “Акыл-таймаш” интеллектуалдык оюндарында алдыңкы орундарды ээлеген жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырды.
Ага улай эле Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Иззатбек Берхмаматов да “Акыл-таймаш” интеллектуалдык оюнунда жеңишке жеткен студенттерге белектерин ыйгарды.
Учурда ОшМУда 44 миңден ашуун студент билим алат.