ОшМУнун эки факультети Кытайдын Шиңжан педагогикалык университети менен келишимге кол койду

Anasayfa Haberler

ОшМУнун эки факультети Кытайдын Шиңжан педагогикалык университети менен келишимге кол койду

Image

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультети жана Кыргыз-кытай факультети Кытайдын Шиңжан педагогикалык университети менен илимий долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду.

Анын негизинде окуу жайлар “Маалыматтар менен аймактар аралык алмашуунун негизинде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экстремалдуу жаан-чачындардын прогнозу” долбоорун ишке ашырмай болду.

ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы Абдурашит Низамиев долбоордун алкагында аймактык климат жана жаан-чачындардын түшүү өзгөчөлүгү боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөрүн айтты. Аны менен катар академиялык алмашуу жана студенттерди окутуу маселелери да каралган.

Фото галерея