![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/yWRKJxnnBdS2Xb4NdqVZ02Z5Nkv4WbgYKANpD79O.jpeg)
Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультети жана Кыргыз-кытай факультети Кытайдын Шиңжан педагогикалык университети менен илимий долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду.
Анын негизинде окуу жайлар “Маалыматтар менен аймактар аралык алмашуунун негизинде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экстремалдуу жаан-чачындардын прогнозу” долбоорун ишке ашырмай болду.
ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы Абдурашит Низамиев долбоордун алкагында аймактык климат жана жаан-чачындардын түшүү өзгөчөлүгү боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөрүн айтты. Аны менен катар академиялык алмашуу жана студенттерди окутуу маселелери да каралган.