Кургак учук боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Anasayfa Haberler

Кургак учук боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Image

24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү. Буга байланыштуу  Ош шаарындагы “Алымбек датка” эс алуу багында Ош мамлекеттик университети, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору, Ош облустук кургак учук менен күрөшүү борбору, Кызыл жарым ай коому биргеликте элге түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.

Мында катышуучуларга кургак учук дарты боюнча суроолор берилип,  ар кандай сынактар уюштурулду. Кургак учукка каршы күрөшүү программалары камтылган китепчелер таратылды.

Кургак учуктун ачык түрү адамга аба аркылуу жугат. Бирок бейтап дарыланса, айлана-чөйрөдөгү адамдар үчүн коркунуч туудурбайт. Андыктан илдеттин белгилери бар адамдар өз убагында дарыгерге кайрылышы керек дейт  адистер.

Статистикалык маалыматтарга ылайык  2019-жылы 5 миң,  2020-жылы 3 жарым миң адамдан кургак учук табылып, каттоого алынган.

 

Фото галерея