ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУДАГЫ БОСОГО БАЛЛ БЕКИТИЛДИ

Anasayfa Haberler

ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУДАГЫ БОСОГО БАЛЛ БЕКИТИЛДИ

Image

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана   келишим боюнча акы төлөнүүчү  окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми Педагогикалык билим берүү багыттары жана  “Укук коргоо иши” даярдоо багыттары үчүн гранттык орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы  - 120,  предметтик тест - 60 болуп бекиди. Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча –115, предметтик тест – 60 балл сакталды.

Саламаттык сактоо багыттары үчүн  гранттык квоталарга негизги тест -120 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110 балл, ал эми  предметтик тест-60 балл негизинде жүргүзүлөт.

Айыл чарба илимдери боюнча окутуу багыттары  үчүн   гранттык квоталарга жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест-60 балл болуп бекитилди.

I жана II топтогу майыптарды, бала кезинен майыптарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, тоголок жетим балдарды жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдарды кабыл алуу үчүн медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден/багыттардан тышкаркы бардык адистиктерге/багыттарга гранттык орундарга негизги тест – 105 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл болуп төмөндөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. А. Алиев атындагы Академиясына сырттан окуу формасына тапшыруучу абитуриенттер үчүн – 100 балл.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтуна бардык даярдоо багыттарына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн босого балл – 100 балл болуп белгиленди.

2024-жылдын 15-июлунан тартып  Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру башталат. 

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

fotoğraf Galerisi