ОшМУнун окумуштуулары Кулун-Ата жаратылыш коругунун 20 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окумуштуулары Кулун-Ата жаратылыш коругунун 20 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Image

Кара-Кулжа районундагы Акун Токтосартов атындагы райондук китепканада Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун уюшулгандыгынын 20 жылдык мааракесине  арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технология институтунун директору Абдурашит Низамиев жана зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценттери катышты. Алар 2024-жылы корукта жүргүзүлгөн комплекстүү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасашты. Бул изилдөөлөр биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатында маанилүү илимий маалыматтарды берди.

Ошондой эле университеттин окумуштуулары Кулун-Ата коругунун юбилейлик төш белгилери менен сыйланышты.

Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы корук аймак менен 2005-жылдан бери илимий кызматташтыкта тыгыз иш жүргүзүп келет.

 

fotoğraf Galerisi