Кара-Кулжа районундагы Акун Токтосартов атындагы райондук китепканада Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун уюшулгандыгынын 20 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технология институтунун директору Абдурашит Низамиев жана зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценттери катышты. Алар 2024-жылы корукта жүргүзүлгөн комплекстүү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасашты. Бул изилдөөлөр биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жаатында маанилүү илимий маалыматтарды берди.
Ошондой эле университеттин окумуштуулары Кулун-Ата коругунун юбилейлик төш белгилери менен сыйланышты.
Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы корук аймак менен 2005-жылдан бери илимий кызматташтыкта тыгыз иш жүргүзүп келет.