Воронеж мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу келишимине кол коюлду

Anasayfa Haberler

Воронеж мамлекеттик медициналык университети менен кызматташуу келишимине кол коюлду

Image

ОшМУ менен Н.Н.Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин ректорлору 27-май күнү онлайн жолугушту.

Жолугушууда биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, окутуучулардын жумушчу сапарларын, студенттердин арасында академиялык мобилдүүлүк, белгилүү дарыгерлердин, окутуучулардын конок лекцияларын, кесиптик деңгээлди жогорулатуу курстарын уюштуруу, ошондой эле илимий, маданий жана социалдык чөйрөдө кызматташуу багытында келишимге кол коюлду.

Келишимдин алкагында эки окуу жай ортосунда окуу-методикалык багыттагы илимий конференция уюштурулду. Конференцияда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин окутуучулары 12 баяндамасы менен чыгышса, Воронеж мамлекеттик медициналык университетинен 8 баяндама окулуп талкууланды.

Н.Н.Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик университети Орусиядагы медицина багытында алдыңкы билим берүүчү окуу жайлардын бири болуп саналат.  Учурда университетте  6 факультет жана 4 билим берүү институту бар.

 

 

Фото галерея