ОшМУнун илимий журналдарынын импакт-фактору жогорулады

Anasayfa Haberler

ОшМУнун илимий журналдарынын импакт-фактору жогорулады

Image

Россиялык РИНЦ платформасында 2024-жылдын көрсөткүчтөрү жарыяланды. Ага ылайык, “Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы” илимий журналынын беш жылдык импакт-фактору 0.288ди, эки жылдык импакт-фактору 0.468ди түздү.

Кыргызстанда илимий даражаларды жана наамдарды ыйгаруу үчүн Scopus жана Web of Science сыяктуу авторитеттүү маалымат базаларындагы басылмалар менен бирге, РИНЦте импакт-фактору 0.2 жана 0.1ден жогору журналдардагы басылмалар талап кылынат.

Кыргыз Республикасында Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө (КРнын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгыhttps://cbd.minjust.gov.kg/430838/edition/1128089/kg) Жобосунун 17-беренесине ылайык, доктордук диссертациянын негизги жыйынтыктары Scopus, Web of Science же РИНЦ системаларында индекстелген импакт-фактору 0.2ден кем эмес илимий басылмаларда жарыяланышы керек.  Ал эми ушул эле Жобонун 21-пунктуна ылайык, кандидаттык диссертациянын негизги жыйынтыктары Scopus, Web of Science же РИНЦ системаларында индекстелген импакт-фактору 0.1ден кем эмес илимий басылмаларда жарыяланышы зарыл.

Андан тышкары, окумуштуу наамдарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосунун 8чи жана 14-пункттарынаылайык, профессор окумуштуу наамы Scopus, Web of Science же РИНЦ системаларында индекстелген импакт-фактору 0.2ден, доцент окумуштуу наамы Scopus, Web of Science же РИНЦ системаларында индекстелген импакт-фактору 0.1ден кем эмес илимий басылмаларда макалалары бар илимдин докторлоруна жана кандидаттарына берилери көрсөтүлгөн.

ОшМУнун илимий журналдары 2022-жылдан бери Open Journal Systems (OJS) ачык системасына өткөрүлүп, Кыргызстанда биринчилерден болуп толугу менен санариптешкен. Журналга макала жөнөтүү, аны редактирлөө, рецензиялоо жана жарыялоо иштери толугу менен сайт үстүндө жүргүзүлөт. 

2022-жылы илимдин ар түрдүү тармактарында өзүнчө сериялык журналдар ачылган. Азыркы тапта окуу жайдын 13 илимий журналы чыгып жатат (journal.oshsu.kg). РИНЦтин 2024-жылкы көрсөткүчтөрүнө ылайык, ОшМУнун 2022-жылы түзүлгөн журналдарынын эки жылдык импакт-факторлору да жарыяланды. Алар:

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых: 0.909

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Айыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехния: 1. 640

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Экономика: 0.767

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Укук: 0.527

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника: 0.028

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География: 0.212

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Педагогика. Психология: 0.935

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология: 0.833

• Чыгыш таануунун маселелери: 0.300

• Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология: 0.667

ОшМУнун илимий журналдарынын импакт-факторлорнунун жогорулашына салымын кошкон университеттин жетекчилигин, журналдардын редакторлорун, окутуучулук-профессордук курам жана жалпы ошмулуктарды куттуктайбыз.

ОшМУнун стратегиялык планында илимий журналдарды Scopus жана Web of Science рецензияланган илимий адабияттардын базаларына киргизүү максаты коюлган.

fotoğraf Galerisi