ОшМУнун мамлекеттик тил комиссиясы быйылкы жылдын жыйынтыктарын мэрияга сунуштады

Anasayfa Haberler

ОшМУнун мамлекеттик тил комиссиясы быйылкы жылдын жыйынтыктарын мэрияга сунуштады

Image

Бүгүн, 16-сентябрда Ош мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүздү. Анын алкагында жергиликтүү бийлик аткарылган иштер менен жеринде таанышты. 

Жыл ичинде университетте мамлекеттик тилди колдоо жана өнүктүрүү максатында бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын алкагында «Мыкты сабак» деп аталган сынак уюштурулуп, кыргыз тилинде сабак берген беш окутуучу атайын сыйлыктар менен сыйланган. Бул конкурс мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү жана окутуучулардын эмгегин баалоого багытталган.

ОшМУда түзүлгөн тогуз адамдан турган мамлекеттик тил комиссиясы университеттин бардык факультеттери, институттары жана колледждеринде иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн, өткөрүлгөн иш-чаралардын тил саясатына шайкеш болушун текшерип, атайын рейддерди жүргүзүп келет. Мындан тышкары 300дөн ашуун окутуучу "Кыргызтест" мамлекеттик сынагынан ийгиликтүү өтүп, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыкташкан.

Мэриянын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы методикалык мыкты эмгектер, илимий макалалар, мыкты сабак сынактары, терминологиялык комиссиянын ишмердүүлүгү жана башка жигердүү аракеттерге, медицина багытында кыргыз тилинде даярдалган китептерге өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректоруна жана жалпы жамаатка ыраазычылык айтылды. Комиссия университеттеги иш-аракеттерди "жогорку деңгээлде аткарылган" деп баалады.

 

fotoğraf Galerisi