ОшМУнун студенти эл аралык долбоордо жеңүүчү болду

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенти эл аралык долбоордо жеңүүчү болду

Image

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Зыйнат Ибраимова КМШ өлкөлөрү боюнча жаштар арасында өткөн эл аралык долбоорго катышып 1-орунду жеңди.

Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан Билим берүү, илим, спорт жаатындагы «Genius»  эл аралык долбоору тарабынан уюштурулган сынакка Зыйнат пандемия шартында онлайн катышкан.

 Жеңүүчү аталган  Зыйнат Ибраимова уюштуруучулар тарабынан диплом, төш белги менен сыйланып,  ал жөнүндө маалыматтар долбоордун алкагында жарык көргөн “Жаш кыраан”  китебине киргизилди.

Зыйнат Ибраимова ОшМУдагы “Атуулдук стипендиянын” ээси. Ал  аккредитация боюнча эксперт студент катары бир нече окуу жайларда эксперт болгон. Анын илимий эмгектери эл аралык журналдарда басылган. Зыйнат олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишкен.

Сыйлыкты 11-июнда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тапшырды.

Фото галерея