ОшМУнун студенти эл аралык долбоордо жеңүүчү болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти эл аралык долбоордо жеңүүчү болду

Image

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Зыйнат Исраилбекова КМШ өлкөлөрү боюнча жаштар арасында өткөн эл аралык долбоорго катышып 1-орунду жеңди.

Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан Билим берүү, илим, спорт жаатындагы «Genius»  эл аралык долбоору тарабынан уюштурулган сынакка Зыйнат пандемия шартында онлайн катышкан.

 Ал уюштуруучулар тарабынан диплом, төш белги менен сыйланып,  ал жөнүндө маалыматтар долбоордун алкагында жарык көргөн “Жаш кыраан”  китебине киргизилди.

Зыйнат Исраилбекова ОшМУдагы “Атуулдук стипендиянын” ээси. Ал  аккредитация боюнча эксперт студент катары бир нече окуу жайларда эксперт болгон. Анын илимий эмгектери эл аралык журналдарда басылган. Зыйнат олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишкен.

Сыйлыкты 11-июнда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тапшырды.

Фото галерея