27-февралда Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун орус филологиясы бөлүмүндө славян элдик майрамы - Масленица белгиленди.
Анда студенттер славян салтанатына ылайык кийинишип, орус элдик ырларын, бийлерин аткарышты. Мындан тышкары катышуучулар арасында ар кандай сынактар жана салттуу оюн-зооктор уюштурулду.
Майрамдык иш-чара орус тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучулары тарабынан демилегенди.
Масленица – чыгыш славян элдеринин байыркы элдик майрамы. Ал кыш менен кош айтышып, жазды тосуп алуу символу катары белгиленет. Ал адамдарды бириктирип, жазгы үмүттү жана жаңы башталыштарды символдоштурат.