ОшМУда орустардын “Масленица” майрамы белгиленди

Main News

ОшМУда орустардын “Масленица” майрамы белгиленди

Image

27-февралда Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун орус филологиясы бөлүмүндө славян элдик майрамы -  Масленица белгиленди.

Анда студенттер славян салтанатына ылайык кийинишип, орус элдик ырларын, бийлерин  аткарышты. Мындан тышкары катышуучулар арасында  ар кандай сынактар  жана салттуу оюн-зооктор уюштурулду. 

Майрамдык иш-чара орус тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучулары тарабынан демилегенди. 

Масленица – чыгыш славян элдеринин байыркы элдик майрамы. Ал кыш менен кош айтышып, жазды тосуп алуу символу катары белгиленет. Ал адамдарды бириктирип, жазгы үмүттү жана жаңы башталыштарды символдоштурат.

Photogallery