ОшМУда чет элдик мугалимдер заманбап окутуу ыкмалары менен бөлүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУда чет элдик мугалимдер заманбап окутуу ыкмалары менен бөлүштү

Image

18-мартта Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда студенттер үчүн мастер-класстар өткөрүлдү.

Сабактар Орусиянын Билим берүү министрлигинин «Чет өлкөдөгү орус мугалими» долбоорунун алкагында уюштурулуп, аны Улан-Удэ, Горно-Алтайск жана Учалы шаарларынан келген тажрыйбалуу мугалимдер өткөрүштү. Мастер-класс кызыктуу жана практикага багытталган форматта уюштурулуп, студенттерге пайдалуу маалыматтар берилди. Катышуучулар «Акыл-эстин күчү: физика жана математика практикада» программасы боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышты. Ошондой эле төмөнкү темаларда лекциялар жана практикалык сабактар өттү:

  • математиканы окутуунун заманбап ыкмалары;
     
  • компьютердик илимдердеги инновациялар;
     
  • студенттерди жаратылыш илимдерине кызыктыруу жолдору;
     
  • математикада долбоордук иштерди уюштуруу;
     
  • менталдык арифметиканын негиздери.
     

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар өз ара тажрыйба алмашып, мектептер менен кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Мастер-класстар педагогика илимдеринин доктору Аида Келдибекованын демилгеси жана «Русский Мир» фондунун Орус борборунун директору Замфира Мискичекованын колдоосу менен өткөрүлдү.

 

fotoğraf Galerisi