Сулайман-Тоодо ишембилик: студенттер аймакты тазалашты

Anasayfa Haberler

Сулайман-Тоодо ишембилик: студенттер аймакты тазалашты

Image

28-мартта Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын эки жүзгө жакын студенти Сулайман-Тоодо ишембилик өткөрүп, аймакты тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Тарыхый жай таштандылардан тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аткарылды. Мындан тышкары окуу жайлардын бардык корпустарынын жана жатаканаларынын айланасында да тазалоо иштери жүргүзүлдү. Таштандылар чыгарылып, арыктар тазаланып, бак-дарактар акталды.

Ош шаарында жазгы үч айлык өнөктүк  1-марттан 31-майга чейин уланат. Анын алкагында шаарды көрктөндүрүү, санитардык абалды жакшыртуу, жашыл аймактарды кеңейтүү жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.



 

fotoğraf Galerisi