Сулайман-Тоодо ишембилик: студенттер аймакты тазалашты

Башкы Жаңылыктар

Сулайман-Тоодо ишембилик: студенттер аймакты тазалашты

Image

28-мартта Ош мамлекеттик университетинин эки жүзгө жакын студенти Сулайман-Тоодо ишембилик өткөрүп, аймакты тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Тарыхый жай таштандылардан тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аткарылды. Мындан тышкары окуу жайлардын бардык корпустарынын жана жатаканаларынын айланасында да тазалоо иштери жүргүзүлдү. Таштандылар чыгарылып, арыктар тазаланып, бак-дарактар акталды.

Ош шаарында жазгы үч айлык өнөктүк  1-марттан 31-майга чейин уланат. Анын алкагында шаарды көрктөндүрүү, санитардык абалды жакшыртуу, жашыл аймактарды кеңейтүү жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругуна ылайык 14-марттан 16-майга чейин кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын аймактарында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү боюнча ишембиликтерди уюштуруу тапшырмасы берилген.



 

Фото галерея