Мелис Маматжанов "Жаш толкун - 2021"сынагында 1-орунду алды

Anasayfa Haberler

Мелис Маматжанов "Жаш толкун - 2021"сынагында 1-орунду алды

Image

Ыссык-Көл жээгинде поэзия сынагы 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындардын ортосунда өттү. Ага өлкө аймагынан 300гө жакын калемгер катышты.
Конкурска катышкан  ОшМУнун кызматкери, жаш акын Мелис Маматжанов 1-орунду   ээлеп, 50 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми баш байгени акын Бердибек Жамгырчиев, 2-орунду Акбар Кубанычбеков алды.
Сынакты Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурду.
Мелис Маматжанов “Жылдын мыкты акыны” фестивалынын, 
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган республикалык “Беш акын” долбоорунун    жеңүүчүсү. Жусуп Баласагын атындагы төш белгинин ээси. “Апакемдик алмасы” аттуу поэтикалык ыр китептин автору.
ОшМУнун жалпы жамааты Мелис Маматжановду куттуктап, чыгармачылык эргүү каалайт!

Фото галерея