Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү системасын башкаруу, каржылоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Anasayfa Haberler

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү системасын башкаруу, каржылоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Image

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык билим берүү жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көлдө билим берүү системасын башкаруу, каржылоо жана өнүктүрүү маселелерине тиешелүү болгон ченемдик укуктук актыларга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо боюнча жумушчу семинар өткөрдү. Аталган семинарга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, окуу жайдын финансы-пландоо бөлүмүнүн башчысы Замир Пусур тегин катышып келди.

Иш-чара мыйзамдык актыларды Конституциянын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө, ошондой эле билим берүү жаатындагы мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, анын ичинде мүчүлүштүктөрдү, карама-каршылыктарды жана кайталоолорду жоюуга багытталып уюштурулган.

Фото галерея