Акын Алтынбек Исмаилов ОшМУда усулдук семинар өттү

Anasayfa Haberler

Акын Алтынбек Исмаилов ОшМУда усулдук семинар өттү

Image

19-майда Ош мамлекеттик университетинде акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов “Заманбап усул – тил казынасынын ачкычы” аттуу усулдук семинар өттү.

Семинарга окутуучулар жана студенттер катышып, эне тилди окутуунун жаңы ыкмалары, интерактивдүү технологиялар, заманбап билим берүү усулдары тууралуу маалымат алышты.

Алтынбек Исмаилов өзүнүн “Кыргыз тилин заманбап ыкмалар аркылуу үйрөнөбүз” аттуу усулдук колдонмосун тааныштырды. Автор тил үйрөтүүдөгү чыгармачыл мамиле, студенттердин кызыгуусун арттыруу жолдору жана адабият аркылуу руханий тарбия берүү маселелерине токтолду.

Бул окуу куралы эл аралык CEFR системасынын талаптарына ылайык даярдалып, B1–C1 деңгээлдерин камтыйт. Анда грамматикалык эрежелерден тышкары аудио-видео сабактар, практикалык тапшырмалар жана өз алдынча иштөөгө ылайыкталган материалдар киргизилген.

Семинардын алкагында катышуучулар кыргыз тилин окутуунун жаңы технологиялары, адабияттын баалуулугун жаш муунга жеткирүүнүн заманбап жолдору боюнча пикир алмашышты.








 

fotoğraf Galerisi