ОшМУда айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (АССБП) боюнча коомдук угуу өтөт

Anasayfa Haberler

ОшМУда айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (АССБП) боюнча коомдук угуу өтөт

Image

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” (КИВО) долбоорун ишке ашыруу бөлүмү Ош мамлекеттик университетинин Онкологиялык ооруларды изилдөө борбору үчүн Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (АССБП) боюнча коомдук угуу өткөрүлөрүн жарыялайт.

Коомдук угуу 2026-жылдын 26-май күнү саат 11:00дө Ош мамлекеттик университетинин медициналык борборунун конференц-залында өтөт.

Иш-чара гибриддик форматта уюштурулат: ОшМУ тарабынан катышуучулар жана кызыкдар тараптар университетте офлайн форматта чогулушса, КИВО долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү коомдук угууга онлайн форматта катышат.

Коомдук угуунун күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилген:

  1. КИВО долбоору, ОшМУнун Онкологиялык ооруларды изилдөө борборунун ишмердүүлүгү жана Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттары тууралуу маалымат берүү.
  2. ОшМУнун Онкологиялык ооруларды изилдөө борбору үчүн даярдалган Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планын (АССБП) талкуулоо.
  3. Суроо-жооптор.

Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттарын сактоо максатында ОшМУнун Онкологиялык ооруларды изилдөө борбору үчүн Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (АССБП) даярдалды. Документ алдын ала таанышуу үчүн ОшМУнун расмий сайтына жайгаштырылган: