Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” (КИВО) долбоорун ишке ашыруу бөлүмү Ош мамлекеттик университетинин Онкологиялык ооруларды изилдөө борбору үчүн Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (АССБП) боюнча коомдук угуу өткөрүлөрүн жарыялайт.
Коомдук угуу 2026-жылдын 26-май күнү саат 11:00дө Ош мамлекеттик университетинин медициналык борборунун конференц-залында өтөт.
Иш-чара гибриддик форматта уюштурулат: ОшМУ тарабынан катышуучулар жана кызыкдар тараптар университетте офлайн форматта чогулушса, КИВО долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү коомдук угууга онлайн форматта катышат.
Коомдук угуунун күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилген:
Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттарын сактоо максатында ОшМУнун Онкологиялык ооруларды изилдөө борбору үчүн Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (АССБП) даярдалды. Документ алдын ала таанышуу үчүн ОшМУнун расмий сайтына жайгаштырылган: