ЖАҢЫ ЧЫГАРЫЛЫШ: ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН СТУДЕНТТЕР

Anasayfa Haberler

ЖАҢЫ ЧЫГАРЫЛЫШ: ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН СТУДЕНТТЕР

Ош мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу чет өлкөлөрдө билим алып келген студенттердин ийгилик жолун чагылдырган жаңы рубрика даярдала баштады. Рубриканын алгачкы чыгарылышы Кытайда акысыз билим алып, эл аралык тажрыйба топтогон Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Эрбор Келдибаев тууралуу болду.

Долбоордун алкагында мындан ары ОшМУнун өнөктөш жогорку окуу жайларында билим алган башка студенттердин да окуялары даярдалып, алардын жетишкендиктери, алган тажрыйбалары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири баяндалат.

Эгерде сиз дагы академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу чет өлкөдө билим алып келген болсоңуз жана өз тажрыйбаңызды бөлүшүүнү кааласаңыз, ОшМУнун маалымат борборуна кайрылсаңыз болот.

Рубриканын максаты – студенттердин ийгиликтерин көрсөтүү менен жаштарга мотивация берүү жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жеткирүү.