Окутуучулар Казакстандагы  CESS Regional Conference 2026 иш-чарасында изилдөөлөрү менен бөлүштү

Anasayfa Haberler

Окутуучулар Казакстандагы  CESS Regional Conference 2026 иш-чарасында изилдөөлөрү менен бөлүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Тотукан Дыйканбаева жана Айнагүл Турдубаева 16–19-июнь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн  Борбордук Евразияны Изилдөө Коомунун (CESS) Регионалдык конференциясына катышты.

Конференциянын алкагында ОшМУнун өкүлдөрү өздөрүнүн баяндамаларын сунушташты. Мында ар түрдүү өлкөлөрдөн келген изилдөөчүлөр жана практиктер менен пикир алышып, тажрыйба бөлүшүп, илимий байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

CESS Regional Conference 2026 Борбордук Евразияны Изилдөө Коомунун тарыхындагы эң ири илимий жыйын болуп саналат. Анда  дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн келген 500дөн ашуун окумуштуу, изилдөөчү жана адистер тармактар аралык диалогду өнүктүрүүгө, илимий тажрыйба алмашууга жана эл аралык академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү маселелерди талкуулашат.





 

fotoğraf Galerisi