Чолпон-Ата шаарында 13–15-август күндөрү азык-түлүк коопсуздугу жана тоо экосистемаларын сактоо маселелерине арналган илимий-өндүрүштүк семинар өттү.
«Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жана тоо экосистемаларын климаттык өзгөрүүлөр шартында сактоонун көйгөйлөрү» аттуу семинарда Ош мамлекеттик университетинин ички гранттык долбоорлорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тааныштырылды.
Иш-чарага окуу жайдын илим жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы, доцент Нуржамал Курбанбаева, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси Эрлан Атабаев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жапарбек Ормонов, айыл аймактарынын башчылары жана жооптуу кызматкерлери, адистер, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.
Семинар Ош мамлекеттик университетинин ички гранттарды колдоо программасынын жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан илимий-изилдөө долбоорлорунун алкагында уюштурулду. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнүн тоо экосистемаларына таасирин азайтуу, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү, токой мелиорациясы, биорекультивация боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыктары талкууланды.
Иш-чарада илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практикада колдонуу, илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү, жергиликтүү деңгээлде экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча пикир алмашуу болду.
ОшМУда кандай долбоорлор ишке ашырылууда?
«Азык-түлүк коопсуздугу» долбоору. Жетекчиси – доцент Элмурат Обдунов. Аткаруучулар – доценттер Зувайда Шербаева, Асадулло Куйчиев, окутуучулар Жумашбек Токтосунов жана Роза Шаимкулова.
«Инновациялык питомник» долбоору. Жетекчиси – доцент Абдижапар Аккулов. Долбоорду ишке ашырууга Ош токой чарбасынын директору Талантбек Боркошов да катышууда.
«ОшМУнун Ботаникалык багына павловниянын сортторун интродукциялоо, анын биологиялык, экологиялык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн изилдөө» долбоору. Жетекчиси – доцент Венера Эрматова.
«Жер көчкүлөрдөн деградацияланган кыртышты калыбына келтирүү: климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларын сактоо үчүн токой мелиорациялык иш-аракеттерди жүргүзүү жана биорекультивациялоо» долбоору. Жетекчиси – доцент Абдижапар Аккулов. Долбоор Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда.