Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнүн боюндагы иретсиз курулуштар жана соода күркөлөрү тазаланып, аймак көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу мэр Жанар Акаев 19-августта аталган көчөгө жасаган иш сапары учурунда билдирди.
Шаар башчысы көчөнүн абалынан Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен бирге таанышты. Ал окуу жай жалпы элдин саламаттыгы үчүн ири медициналык клиника куруп жатканын белгилеп, анын айланасында башаламан соода түйүндөрүнүн, иретсиз объектилердин болушу туура эмес экенин айтты.
«ОшМУ жалпы элдин саламаттыгын ойлоп ушундай клиника куруп жатса, сиздердин бул жерде түтөтүп, май жыттантып, айлананы булгап отурганыңар, айрым жерлерде кой багып жатканыңар туура эмес», — деди мэр.
Жанар Акаев тиешелүү кызматтарга аймакты иретке келтирүү, санитардык жактан тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча тапшырма берди.
Клиниканын курулушу
Ош мамлекеттик университетинин жаңы медициналык клиникасы жети кабаттан турат. Жалпы аянты 20 миң чарчы метрди түзгөн борбор 312 орунга ылайыкталган. Мында лаборатория, күндүзгү стационар, төрт операциялык бөлүм, 300 орундуу лекциялык зал жана 12 окуу бөлмөсү болот.
Клиникада боор, бөйрөк, жилик чучугу трансплантациясы, микрохирургия, жандандыруу, гепатология, офтальмология, пластикалык хирургия, нефрология, гематология жана диагностика багыттары боюнча кызмат көрсөтүү пландалууда.