Gazeteci Abdugani Abdugafurov'un 80. Yıldönümü

Anasayfa Haberler

Gazeteci Abdugani Abdugafurov'un 80. Yıldönümü

Image

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жазуучу, драматург, сатирик, котормочу, белгилүү журналист Абдугани Абдугафуровдун “Өмүр сересиндеги өрнөктүү өмүр” аттуу 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

Мааракелик иш-чарага Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, белгилүү жазуучулар, журналисттер, коомдук ишмерлер, жазуучунун жакын санаалаштары, окутуучулар, студенттер катышты. Кеченин жүрүшүндө маараке ээси Абдугани Абдугафуровдун  жазган чыгармалары, интермедиялары, анекдоттору студенттер тарабынан көрсөтүлдү.

“Эки элге данекер инсан кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине которуп, ал котормолор өзбек театрларында коюлуп келет. Ал  Ош шаардык кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болгон. Ош облустук  «Ленин йули», “Ош садоси” аттуу өзбек тилдүү гезиттерде редакторлук кызматтарын аркалаган”, - деди Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын башчысы Сейил Эргешова.

Абдугани Абдугафуров маданият тармагындагы жана чыгармачылык, уюштуруучулук кызматтары үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамы,  «Манас» ордени," Данакер" ордени, «Даңк» медалы менен сыйланган.

Кече ОшМУнун журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулду.

 

 

Фото галерея