Profesör Kurmanalı Matikeyev'in 80. yıldönümü

Anasayfa Haberler

Profesör Kurmanalı Matikeyev'in 80. yıldönümü

Image

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаменти 7-декабрда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор Курманалы Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган “III - Матикеевдик окуулардын” алкагында “Жаш окумуштуулардын илимий изилдѳѳлѳрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Конференцияга Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинен, Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен,  Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан окумуштуулар, окутуучулар, магистранттар, студенттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө  маараке ээси, профессор Курманалы Матикеевдин ишмердүүлүгү, эмгектери тууралуу айтылды.

Пленардык отурумда г.и.к., доцент К. Самиев “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор К. Матикеевдин ѳмүр таржымалы”,  г.и.к., доцент Б.Сатыбалдиев  “Чек араларды бөлүштүрүүдө географиялык объектилердин ролу”, Табият таануу жана география факультетинин магистранты  Э. Акматов  “Шаар ландшафтынын структурасы”  темаларында баяндама жасашты.

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментинин директору  Идирис Кенжаев профессор Курманалы Матикеевди 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, бир алык өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды.

Конференциянын алкагында Табият таануу жана география факультетинде  табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу технологиялары жана мейкиндик маалыматтарды талдоо боюнча эл аралык борборунун жана факультетке тиешелүү илимдердин символдору болгон монументалдык белгилеринин ачылыш аземи болду.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө табигый жана медициналык илимдер, филология жана экономикалык илимдер, так жана техникалык илимдер, коомдук жана саясий илимдер секцияларында магистранттардын баяндамалары талкууланды.

Профессор Курманалы Матикеев 200гө жакын илимий эмгектердин, 2 монографиянын, 16 окуу, 5 илимий-популярдуу китептин автору.

fotoğraf Galerisi