Turizm programı öğrencileri için konuk dersi

Anasayfa Haberler

Turizm programı öğrencileri için konuk dersi

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн туризм программасынын студенттери Ош шаарындагы “Раян” мейманканасында конок лекциясына катышты. “Туризмдин өнүгүүсүндө маркетингдин ролу” темасындагы лекцияны мейманкананын маркетинг жана сатуу бөлүмүнүн менеджери Чыңгыз Сайитов окуду.

Чыңгыз Сайитов студенттерге жалпы маркетинг түшүнүгү, отелдик бизнестеги маркетинг, маркетингдик методдор жана инструменттер боюнча пайдалуу маалыматтарды айтты. Студенттер лекцияга кызыгуу менен катышып, суроолоруна жооп алышты.

“Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн туризм программасында билим алып жатышкан студенттер теория менен практиканы бирге алып кетишет. Студенттерибиз практика учурунда белгилүү мейманкалаларда практикадан өтүп, билим, тажрыйбасын көрсөтүшүп, ыраазычылык каттарды алып келишүүдө. Айрым студенттерибиз студент мезгилинен ишкердикти кошо өнүктүрүп туристтик фирма түптөөгө жетишти. Албетте, мындай жигердүү студенттерибиз бизди да шыктандырбай койбойт. Бүгүнкүдөй конок лекциялар студенттерибиз үчүн өтө зарыл иш-чаралардан”, - деди  түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн программа жетекчиси, PhD доктор Айнура Кулназарова.

fotoğraf Galerisi