Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов ОшМУга келди

Anasayfa Haberler

Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов ОшМУга келди

Image

Токиодогу жайкы олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов 24-декабрда ОшМУда  жаштар менен жолугушту. Спортчуну машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов коштоп келди.

Жолугушууга  спортчунун Ош шаарындагы  күйөрмандары, ОшМУнун окутуучулары, студенттер катышып анын   жеке жашоосу, спорттогу ийгиликтери, алдыдагы максаттары  боюнча суроолорду узатышты. Кечеде жаш күйөрманынын спортчуну кумир тутарын айтып, аны үйүнө конокко чакыргандыгы өзгөчө суроолордон болду.

Акжол Махмудов  жаштарды өзү сүйгөн кесипти татыктуу аркалоого, мекенди сүйүүгө, китеп окууга,  максатка жетүү үчүн талбай эмгектенүүгө чакырды. 

Спортчуга жана машыктыруучусуна ректор Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУга даңк” медалын тапшырды.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери, Азия чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, КыргызРеспубликасынын күрөш боюнча бир нече жолку чемпиону.

fotoğraf Galerisi