Балбан Акжол Махмудов ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

Балбан Акжол Махмудов ОшМУга келди

Image

Токиодогу жайкы олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов 24-декабрь күнү ОшМУда  жаштар менен жолугушту.

Спортчуну машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов коштоп келди. Жолугушууга Махмудовдун Ош шаарындагы  күйөрмандары, ОшМУнун окутуучулары, студенттер катышып, анын  жеке жашоосу, спорттогу ийгиликтери, алдындагы максаттары  боюнча суроолорду узатышты.

Жолугушууда баландын жаш күйөрманы аны кумир тутарын айтып,  үйүнө конокко чакырды.

Акжол Махмудов  жаштарды өзү сүйгөн кесипти татыктуу аркалоого, мекенди сүйүүгө, китеп окууга,  максатка жетүү үчүн талбай эмгектенүүгө чакырды. 

Акжол Махмудовго жана машыктыруучусуна ректор Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУга даңк” медалын тапшырды.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери, Азия чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, КыргызРеспубликасынын күрөш боюнча бир нече жолку чемпиону.

Фото галерея