![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби тарабынан “Санариптик технологиялардын шартындагы илимий, билим берүү жана коммуникациялык процесстер” деген аталыштагы тегерек стол уюштурулду. Жыйынган ОшМУнун, Ташкент информациялык-технологиялар университетинин жана Ташкент информациялык-технологиялар университетинин Ферганадагы филиалынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Терегек столдо аталган окуу жайлардын лингвистикалык жана информациялык-технологиялар багыттарындагы кафедраларынын окутуучулары өз ара пикир алышып, окуу жайлар ортосунда 2019-жылы кабыл алынган меморандумдун алагындагы иш-чараларды жандандыруу, окутуучулардын, студенттердин арасындагы академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, илимий, билим берүү, маданий багыттарда кызматташуу алакаларын бекемдөө жөнүндө сөз болду.