ЖОЖдор ортосунда кызматташуу бекемделет

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдор ортосунда кызматташуу бекемделет

Image


Эл аралык билим берүү  программаларынын жогорку мектебинде “Санариптик технологиялардын шартындагы илимий, билим берүү жана  коммуникациялык процесстер” аталыштагы тегерек стол өттү. Жыйынга ОшМУнун, Ташкент информациялык-технологиялар университетинин жана анын Ферганадагы филиалынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Иш-чарада аталган окуу жайлардын лингвистикалык жана информациялык-технологиялар багыттарындагы кафедраларынын окутуучулары пикир алышып, окуу жайлар ортосунда 2019-жылы кабыл алынган меморандумдун алагындагы иш-чараларды жандандыруу,  окутуучулардын, студенттердин  арасындагы академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, илимий, билим берүү, маданий багыттарда кызматташуу алакаларын бекемдөө жөнүндө сөз болду.

Фото галерея