Oş Devlet Üniversitesi QS'te

Anasayfa Haberler

Oş Devlet Üniversitesi QS'te

Image

QS Global Education News (“QS (Дүйнөлүк университеттердин рейтинги)  дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар”) журналынын 2021-жылдын ноябрь айындагы чыгарылышында ОшМУнун медициналык клиникасы тууралуу маалымат жарык көрдү. Анда Медициналык клиника күн санап өнүгүүгө багытталган  концепцияларды  түзүп, акыркы үлгүдөгү жабдууларды жана технологиялар менен камсыздалгандыгы, айрым өлкө аймагындагы башка медициналык клиникаларда да кездешпей турган жабдыктар  да алынып келип жаткандыгы айтылган. Медициналык клиника 24 саат бою кызмат көрсөтөт, анда ОшМУнун кызматкерлери жана бардык студенттер үчүн атайын арзандатуулар да каралгандыгы маалымдалган. ОшМУ Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен медициналык клиникасы бар жалгыз университет болуп саналат.

Аталган журналда дүйнөдөгү өнүгүп жаткан университеттердин ийгилик жолу тууралуу макалалар жарыяланып келет. Аталган журналдын 2021-жылдын май айындагы санына окуу жайда  бакалавриат, магистратурадагы ишке ашып жаткан кош дипломдуу билим берүү программалары жөнүндө маалымат жарык көргөн.

 Төмөндөгү шилтеме аркылуу журналга кирип окусаңыздар болот:  https://content.qs.com/qs-gen/latest/index.html#page=50