Osh Devlet Üniversitesi'nin yüksek lisans öğrencisi "BDT'nin en iyi öğrencisi"

Anasayfa Haberler

Osh Devlet Üniversitesi'nin yüksek lisans öğrencisi "BDT'nin en iyi öğrencisi"

Image

Университеттин Орус филологиясы факультетинин магистранты Бекболсун Советбек уулу билим жана илимдеги  ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом жана “КМШнын мыкты студенти” медалы менен сыйланды.

Конкурс Казакстандын Билим-өркениети улуттук инновациялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулган.Сынакта студенттердин илимий –изилдөөчүлүк иштери, макалалары түрдүү билим берүүгө кошкон салымы жана жасаган ийгиликтүү иш –аракеттери каралган. Бул сыйлыкты Кыргызстан боюнча 3 студент алган болсо, алардын бири Бекболсун Советбек уулу.

Бекболсун Советбек уулу 2020-жылы окуу жайдын орус филологиясы  факультетинин  орус тили жана адабияты  мугалими адистигин бүтүргөн. Ал  25тен ашуун илимий макалалардын ээси. Мындан сырткары Орусиянын  “Всем вместе” ассоциациясынын  Кыргызстандын түштүгүндөгү координатору.  

fotoğraf Galerisi