ОшМУнун магистранты “КМШнын мыкты студенти” болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун магистранты “КМШнын мыкты студенти” болду

Image

Университеттин Орус филологиясы факультетинин магистранты Бекболсун Советбек уулу билим жана илимдеги  ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом жана “КМШнын мыкты студенти” медалы менен сыйланды.

Конкурс Казакстандын Билим-өркениети улуттук инновациялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулган.Сынакта студенттердин илимий –изилдөөчүлүк иштери, макалалары билим берүүгө кошкон салымы жана жасаган ийгиликтүү иш –аракеттери каралган. Бул сыйлыкты Кыргызстан боюнча 3 студент алган болсо, алардын бири Бекболсун Советбек уулу.

Бекболсун Советбек уулу 2020-жылы окуу жайдын орус филологиясы  факультетинин  орус тили жана адабияты  мугалими адистигин бүтүргөн. Ал  5тен ашуун илимий макаласы бар, 2 альманахга ырлар топтому чыккан. Мындан сырткары Орусиянын  “Всем вместе” ассоциациясынын  Кыргызстандын түштүгүндөгү координатору.  

Фото галерея