Elzada Momuncanova - iki kez Asya şampiyonu

Anasayfa Haberler

Elzada Momuncanova - iki kez Asya şampiyonu

Image

Ош шаарында өткөн Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышкан Элзада Момунжанова күрөштүн эркин стили боюнча 55 кг салмакта чемпиондукту жеңип алды. Ал финалдык беттеште Ирандык балбан менен беттешип, 5:3 эсебинде утуп алды.

Азия чемпионатына дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн, анын ичинде Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Жапония жана Кыргызстандан 300гө жакын спортчу катышты.  Бул иш-чара 2022-жылдын сентябрында Түркияда өтүүчү  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.

Элзада Момунжанова ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студенти. Алыш күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку,  Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. "2021-жылдын мыкты спортчусу" сыйлыгынын ээси. Казан  шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген.   Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында  1-орунду, Кореяда өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орун,  грэпплинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. Ушу-Саньда боюнча  Кыргыз Республикасынын чемпиону. Борбор Азиянын чемпиону жана профессионал кыз-келиндер арасында өткөн мелдештердин  жеңүүчүсү жана Алтын курдун ээси. Пенчак Силат каратэнин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, Борбор Азиянын чемпиону. Малайзияда өткөн Дүйнө Кубогунда 2-орунду алган.  Кол күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.

Азия чемпиону Элзада Момунжанованы ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан жеңиши менен куттуктайбыз, окууларына, спортто ири жетишкендиктерди багынта беришине тилектешпиз!

Фото галерея